Малик Жумагуловдун айтуусунда ал 30-ноябрда “Ак-Жол” өткөрүү пункту аркылуу өтүп жактанда Кыргызстан чегарачылары аны киргизүүдөн баш тартышкан.
“2007-жылы Казакстандын жарандыгын алып, пенсияга чыккам. Жарандык алуум Совет армиясында 20 жылдан ашык кызмат өтөгөндөргө жеңилдик берүү боюнча төрт өлкө ортосундагы келишим менен ишке ашкан. Мен жарандыгымды пенсиялык камсыздоо үчүн өзгөрткөм. Кыргызстанда 1987-жылдан бери жашайм, запастагы генералмын, мамлекеттик сыйлыктарым бар. Салык же дагы башка эч кандай карыздарым жок болчу”,-деп билдирген генерал Жумагулов 24 kg агентигине.
Мамлекеттик чегара кызматынын маалымат кызматы генералга өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын тастыктаган менен себебин айтышкан жок.