• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Геннадий Базаровдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

6 Бирдин айы 202315:28 Бишкек Govori.TV

 Кинорежиссер Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты эртең, 7-февралда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, коштошуу иш-чарасы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, автордук кыргыз киносунун негиздөөчүлөрүнүн бири, режиссёр жана сценарист Геннадий Базаров 6-февралда 81 жаш курагында салды.

Количество просмотров: 64