• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Кинорежиссёр Геннадий Базаров каза болду

6 Бирдин айы 2023 9:31 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр Геннадий Базаров каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Базаров 1942-жылы 14-майда Нарындын Ат-Башы айылында төрөлгөн. Фрунзеде (азыркы Бишкек) орто мектепти аяктаган.

Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), искусствого эмгек сиңирген ишмер (1974). 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссердун ассистенти болгон. Окуп жүргөндө кыска метраждуу «Намаз окуу» жана «Тыныгуу» аттуу киноновелла тарткан. 1967-жылы «Саманчынын жолу» (сценарийин жазгандар; Ч. Айтматов, Б. Добродеев, И. Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. «Буктурма» (1966; X. Булатов, Дегальцев, А. Шаршенова), «Көчө» (1973; М. Гапаров), «Биринчи» (1984; Г. Базаров, Л. Дядюченко), «Көз кареги» (1975; Л. Дядюченко) кинотасмаларды, «Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай» (1986), «Айың» (1989), «Аномалия» (1991) көркөм фильмдерди жана «Антракт» (1994), «Түндө» (1995) кыска метраждуу новеллапарды, документ фильмдерден «Искусство жөнүндө баян» (1974). «Жазуучу» (1980), «Чыңгыз Айтматов» (1980) жана башкаларды тарткан. Маданият жана искусствонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А. Темирова, Г. Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Govori.TVнын эмгек жамааты кинорежиссер Геннадий Базаровдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 93