• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Гепатиттин жайылышына министрлик кайдигерби?

24 Жалган куран 2023 9:58 Бишкек Govori.TV

Боордун вирустук оорусу болгон гепатит менен 2019-жылдагы статистика боюнча 300 миң адам жабыркаганы тууралуу айтылган. Акыркы 4 жыл ичинде анын саны канчага өскөндүгү тууралуу маалымат жок. Бирок, белгилүү болгон маалыматтарга ылайык айына эле кеминде 5, 7 адам боорун алмаштырууга мажбур болот.

Бул жаатта «Трансплантациядан кийинки жашоо коомунун» негиздөөчүлөрүнүн бири Айжан Жамангараева калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, илдеттин алдын алса болот деген пикирде. Анткени оор түрүнө өтүп кетсе, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк жокко эсе болот.
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменти бул оорунун саны көбөйдү деген маалыматты четке кагып, тескерисинче кыскарганын билдирди.

Мындан сырткары оорунун коркунучтуу түрү айрыкча медициналык эмес мекемелерден кан аркылуу жугууда. Бул тууралуу калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эмдөө акысыз болуп жаткандыгын кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлигине гепатике чалдыккан бейтап канча жаран бар? Аларга кандай кам көрүлүүдө? Алардын канчасын айыктырууга мүмкүн болууда? Канчасы бул илдеттин айынан өмүрү менен кош айтышууда?,-деген сурообуз жоопсуз калды.

Количество просмотров: 103