• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акматова: Кыргызстанда коронавирустун жайылышы токтоду деп айтуу азырынча эрте

26 Жалган куран 2020 16:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирустун жайылышы токтоду деп айтуу азырынча эрте. Бул тууралуу 26-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Адистин белгилешинче, чет жактан келип жаткандар азайды, эпидемияга каршы иш-аракеттер көрүлүп жатат, өзгөчө абал киргизилди, ары-бери каттоого тыюу салынды, бирок, ошентсе да “бул инфекцияны жеңдик деп айтуу эрте”.

Акматова ооруну жайылтпоо ар бир адамдан көз каранды экенин, өзгөчө абалдын талаптарын аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Бул тууралуу Акматова журналисттердин «Кыргызстанда коронавирус жуккандар бир нече күндөн бери анча көбөйбөгөнү бул оору ооздукталды дегенди түшүндүрөбү?» деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

18-25-мартта Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болгон, эң кичүүсү бирге толо элек ымыркай, улуусу 86да. Бейтаптардын алтоо реанимацияда жатат.

26-мартта оору жуккан жаңы учур катталган жок.

44 адамдын 20сы Ош облусунда, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда бир адам.

Количество просмотров: 388