2020-жылдын 1-январынан тарта Германиянын Кыргызстандагы элчилиги Испания, Италия жана Австрия жарандарына виза берүү өкүлчүлүгүнүн ишин токтотот.
Элчилик 2020-жылдын 1-январынан тарта Испания, Италия жана Австрия мамлекеттерине виза берүү боюнча арыздарды кабыл албайт. Бул жобо бардык сапарларга жана паспорттордун бардык түрлөрүнө (дипломатиялык жана кызматтык паспортторду кошкондо) тиешелүү, — деп айтылат маалыматта.
Аталган мамлекеттерге виза алуу үчүн 2020-жылдын 1-январынан тарта төмөнкү даректерге кайрылууга болот:
Элчиликтин виза боюнча өкүлчүлүгү Шенген келишиминдеги төмөнкү мамлекеттерге арыздарды кабыл алат. Алар — Бельгия, Греция, Люксембург, Нидерланд, Норвегия, Португалия жана Швеция.