• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Германияда белгисиз адамдар ок чыгарып, 8 адам каза тапты

20 Бирдин айы 20209:34 Бишкек Govori.TV

Германиянын Гессен аймагына караштуу Ханау шаарында белгисиз жарандар ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 19-февралдан 20-февралга карган түнү болгон. Анда белгисиз адамдар ок чыгарып, натыйжада сегиз адам каза таап, беш адам жаркат алганы айтылат.

“19-февралдын түнүндө Ханаудун борбордук бөлүгүндө жайгашкан кальян чегүүчү жайлардын биринде белгисиз адамдар 3 адамды атып салышкан. Кол салгандар дароо изин суутуп кетүүгө үлгүрүшкөн. Бир аз убакыт өткөн соң ушундай эле окуя шаардын Кессельштат аттуу районунда кайталангандыгы тууралуу маалымат тараган. Курмандыктардын бардыгы жаш жигиттер болгон. Арасында бир аялзаты бар” ,-деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жер курчоого алынып, полиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатат.

Количество просмотров: 227