• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Германия Кыргызстандын түштүгүндө ардактуу консулдугун ачат

25 Бирдин айы 202513:48 Бишкек Govori.TV

Медер Тороев Германия Федеративдүү Республикасынын Ош шаарындагы ардактуу консулу болуп дайындалат. Бул тууралуу элчиликтин басма-сөз кызматы билдирет.

«30 жылдан ашык убакыттан бери Германия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамиле түзүлгөн. Биздин өлкөлөр саясий, экономикалык жана маданий жактан тыгыз кызматташат. Биз Германиянын Кыргызстандагы катышуусун кеңейтүүгө абдан кубанычтабыз’, — деп айтылат маалыматта.

Германия Республикасынын Ош шаарындагы консулдук округу Ош жана Баткен облустарын камтыйт.

Медер Төрөев Германиянын жана Кыргызстандын жараны. Ал Кельн шаарында 19 жыл жашаган, адегенде студент, анан ишкер катары. 2019-жылы туулган жерине Ош шаарына кайтып келген. Өткөн жылдары түштүктөгү элчиликтин ишмердүүлүгүнө активдүү колдоо көрсөтүп келген.

Количество просмотров: 183