• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Германияга элчи болгон Текебаевди кызматына узатышты (сүрөт)

22 Бирдин айы 2022 17:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалган саясатчы Өмүрбек Текебаевди дипломатиялык кызматына узатуу үчүн “Ата Мекен” партиясынан кеңсесинде иш-чара өттү. Ага ЖК депутаттары, экс-депутаттар, саясий жана коомдук ишмерлер менен анын тарапташтары чогулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Текебаев Өмүрбек Чиркешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Абдылдаев Эрлан Бекешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Берлин шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Норвегия Королдугундагы, Дания Королдугундагы, Швеция Королдугундагы, Ыйык Тактыдагы жана Польша Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 235