• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Германиянын Халле шаарында «Жамиля» тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү

13 Кулжа 2018 16:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13. 06. 2018. Govori.TV

Германиянын Халле шаарында залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында «Жамиля» тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мында тасманы көрсөтөөрдөн мурун, көп жылдан бери залкар жазуучунун чыгармачылыгы менен алектенген жазуучу-айтматовчу, сынчы Ирмтрауд Гучке тасма тууралуу кыскача айтып берди.

Ошондой эле Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эринес Оторбаев катышкандарга ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жаш муундары жазуучунун чыгармаларына зор маани берээри, ал эми Чыңгыз Айтматовдун автордук иштеринде эстетикалык жана тарбиялоо максаты бар экендиги кубандырат», — деп баса белгиледи.

Иш-чара жылуу маанайда өткөрүлүп, ал эми «Жамиля» тасмасы көрармандарга унутулгус элес калтырды.

Количество просмотров: 14