• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Германиянын президенти Кыргызстанга келди 

22 Кулжа 20239:05 Бишкек Govori.TV

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Германиянын Федералдык президенти Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугат, анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Количество просмотров: 58