Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда.
«Мамлекет башчылары кыргыз-герман эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат, ошондой эле достук жана өнөктөштүк маанайдагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгилешет», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.