• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Германиянын туризм уюмунун жетекчиси Балыкчыга келди

28 Аяк оона 202416:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 28-сентябрда Балыкчы – Токмок багыты боюнча поезд менен Германиянын Туризм ассоциациясынын президенти Норберт Фибиг жана анын Германиянын ири туроператорлорунун өкүлдөрүнөн турган делегациясынын мүчөлөрү Балыкчыга келишти.

Аларды Балыкчы шаардык мэриясынын аппарат жетекчи Алмазбек Байгазиев жана маданият кызматкерлери ыр-бий менен тосуп алышып, андан ары шаңдуу узатып жиберишти.

Ассоциациянын жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн Кыргызстанга болгон сапары Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн келечегин жана бул жаатта эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат.

Өз кезегинде Норберт Фибиг бүткүл дүйнөлүк туризм күнүндө өтүп жаткан жолугушуунун символикалуу экенин белгилеп, ошондой эле Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана Германиянын туризм ассоциациясы кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Количество просмотров: 85