• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Гимнди туура эмес ырдаган депутат кыргыз элинен кечирим сурады

5 Аяк оона 2018 14:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.09.2018. Govori.TV
Гимнди туура эмес ырдаган Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
“Гимн – кыргыз элибиздин башкы мамлекеттик символдорунун бири. Анда биздин байыркы тарыхыбыз, эркиндикке болгон мүдөөбүз жана жаркын келечекке карай умтулуубуз туюнтулган. Гимнди эгемен өлкөбүздүн ар бир атуулу билүүгө милдеттүү.
«Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, гимнибизди жаңылыш аткарып алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм жана абдан өкүнгөнүмдү билдирем. Ошондой эле гимнибизди мындан ары кынтыксыз аткаруу милдетин алам», — деген кайрылуусунда Тулендыбаев.
Кечээ, 4-сентябрда депутат Пархат Тулендыбаев «Апрель» телеканалына маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдап берген. Социалдык тармактарда депутаттын жаңылыш ырдаганы ачуу сынга кабылган. Депутат өзү да сындарга жооп кылып, журналистке гимнди аткарып бергенине өкүнүп жатканын айткан.
Количество просмотров: 19