Кыргызстандын футбол курамасы CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин алкагында Бишкекте Иран менен беттеш өткөрүүдө.
Оюндун экинчи бөлүгүнүн 6-мүнөтүндө Кыргызстан курамасы Ирандын дарбазасына гол киргизди.
Эсеп азырынча Иран курамасы пайдасына 2:1.
Оюндун биринчи бөлүгү 2:0 эсебинде жыйынтыкталган болчу.
26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана Иран менен «В» тайпасына жайгашкан.
«В» тайпасынын беттештери Бишкекте 10, 13, 16-июнда, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтөт.