• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Govori.TV» 5 жашта!

1 Бештин айы 2022 9:34 Бишкек Govori.TV

GOVORI.TV мультимедиалык маалымат агенттиги 5 жашта. Бул жылдар аралыгында агенттик көз карандысыз жана ийгиликтүү компаниялардын катарына кошулду.

 Govori.TV – бул жаратмандыктын жана өнүгүүнүн компаниясы. Govori.tv. сайты  күн сайын жаңылыктар менен жаңыланып турат. 10дон ашуун чоң мультимедиалык долбоорлор, окуя болгон жерден чагылдырылган түз эфирлер. Govori.TV ыкчам маалымат жеткирүүдө баардык жактан үлгүрөт.

Каналдын бирден-бир белгилүү долбоорлорунун бири катар “Майдан” теле дебаттары. Түз эфирде өткөн эркин талкууда коомдун көйгөйлүү окуялары тууралуу түрдүү көз караштардын кагылышуусу орун алат.

“Кыйын” Ток-Шоусу ар апта сайын ободо. Govori TV аймактарды өнүктүрүүдө. “Кыйын” долбоору ишке кирген 3 жылдын аралыгында, 7 дубандан келген күчтүү, алдыга умтула билген 120 айым  лидерлик дареметин калыптандырууга багытталган тренингден өттү. Алардын көбү жеринде жетекчилик кызматтардын ээси жана депутат боло алышты.

 “Как есть” автордук берүүсү аз убакытта коомчулуктун күтүп көргөн көрсөтүүсүнө айланды. Ал эми “Ачык айт” талкуусу эксперттердин катышуусу менен ачык талкуу өткөрүлөт. Ал эми  “Бабалар мурасы” түрмөгү  Кыргызстандын ажайып кооз аймактары, таң калыштуу жерлери тааныштырат.  “Талантым бар, таанышым жок” түрмөгү эл арасындагы тубаса таланттын ээлерин коомчулукка таанытууга көмөк болду. Карапайып калктын көйгөйлөрүн алып чыккан “Ачык аянт” түрмөгү айта турган пикири, көйгөйү бар жарандар үчүн аянтчага айланды.

Катталуучулардын саны Govori.TV Facebook баракчасына 90 миңден ашса, YouTube каналы 60 миң, ал эми Instagram социадык тармагында 130 миңден ашты. Агенттик Telegram, Одноклассники сыңары интернет тармагында өз окурмандарын тапты. 

Ал эми сайттын уникалдуу окурмандарынын саны Google Analitics көрсөткөндөй суткасына 100 миңге жетет, бул чек эмес.

Govori.TV журналисттик иликтөөлөрдү да чыгарат. Биздин команда 2019-жылы Душанбеде өткөн Орто Азиялык MediaCAMP Fest фестивалында журналисттик иликтөөсү үчүн биринчи орунга ээ болгон.

Govori TV жаңы кадрларды даярдоого багытталган тренингдерди өткөргөн ММКлардын катарында. Компаниянын журналистика мектебинен ондогон жаш кадрлар билимин тереңдеткен.

GOVORI.TV агенттиги коомчулукка маалымат жеткирүүдө бейтараптуулукту карманып, болгонун болгондой так жеткирет.

Govori.TV. Ачык айтып, ак сүйлө!

Количество просмотров: 319