Тбилисидеги парламент имаратынын алдында үч күндөн бери он миңдеген адам нааразылык акцияларына чыгып жатышат. Үч күн ичинде 50дөн ашык адам жабыркап, 200дөй адам кармалган. Кармалгандарга укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө, бейбаштык беренелери боюнча айып коюлган.
Нааразылык акциясына чыгууга себеп, грузин өкмөтү 2028-жылдын аягына чейин Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөстүгү тууралуу маалымат чыккандан кийин, эртеси эл парламент алдына чогула баштаган. Эске салсак, 2023-жылы Грузия Евробиримдикке кошулууга талапкер статусун алган.
Акцияга катышкандар парламент терезелерин сындырып, имаратка фейерверк атышкан, «Грузин кыялы» партиясынын лидери Бидзина Иванишвилинин сүрөтүн өрттөшкөн. Мындан тышкары бир нече журналисттер ур-токмокко алынганы да кабарланууда.
Ошол эле учурда Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Кобахидзе парламенттик шайлоо кайра өткөрүлбөй тургандыгын, 12 министр кызматка дайындалып, 26-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун негизинде өкмөт курамын түзүү аяктаганын билдирди. Мындан тышкары 14-декабрда Грузияда президенттик шайлоо өтөрүн, ошол шайлоодон кийин президент Саломе Зурабишвили кызматтан кетиши керектигин айтты.
Америка Грузия менен стратегиялык өнөктөштүгүн токтоткондугун билдирди. Ираклий Кобахидзе бул убактылуу деп, ага кабагым-кашым дебестигин көрсөттү.