• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Грузиянын активисттери Кыргызстандын жарандык коомунун абалына тынчсызданууда

23 Кулжа 202311:03 Бишкек Govori.TV

Грузиянын бейөкмөт уюмдары Кыргызстандагы жарандык коомго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына коркунуч жаратып жаткан мыйзамдарга каршы турууга эл аралык коомчулукту чакырган кайрылуу таратты.

Кайрылууга 60тан ашуун уюм кол койгон.

Активисттер бул мыйзамдар өлкөдө эркин жарандык коомду бөгөттөөгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешүүдө.

Кайрылуу ээлери акыркы айларда Кыргызстанда жарандык коом жана эркин маалымат каражаттарына каршы репрессия күч алганын белгилеп, анын ичинде кылмыш куугунтугу, экстрадиция, ири суммага айыпка жыгуу, фейк-аккаунттар аркылуу жалган жалаа жана кибербуллинг колдонулуп келе жатканын, эркин жарандык коомго каршы зомбулукка чакырган митингдер уюштурулуп жатканына да кабатыр экенин билдиришкен.

«Биз эл аралык өнөктөштөрүбүздү — уюмдарды, ЖМКларды, активисттерди Кыргызстандын эркин маалымат каражаттарын жана активдүү жарандык коомун колдоого чакырабыз», — деп жазылган кайрылууда.

Количество просмотров: 65