• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Грузиянын Конституциялык соту президент Баш мыйзамды бузду деп тапты

17 Тогуздун айы 2023 9:13 Бишкек Govori.TV

Грузиянын Конституциялык соту көпчүлүк добуш менен президент Саломе Зурабишвили өкмөттүн уруксатысыз бир катар Европа мамлекеттерине барып, өлкөнүн Баш мыйзамын бузду деп тапты

Бир нече күнгө созулган сот жараянына Зурабишвили катышкан жок. Ал Франция жана Германиянын президенттери менен жолугушууну мыйзам бузуу деп эсептебей турганын айткан. Грузия президенти Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирүүдө.

Өлкө Конституциясы мамлекет башчыга өкмөттүн уруксатысыз тышкы сясатка аралашууга тыюу салат. Зурабишвилинин өкүлдөрү чет өлкөлөрдүн лидерлери менен кездешүүлөр, телефон чалуулар, каттар тышкы саясатты өзгөртүүгө алып келбесе, андайга жол берилет деген аргументин келтиришүүдө.

Конституциялык соттун чечиминен кийин президентке импичмент жарыялоо боюнча мыйзам парламентте добушка коюлат. Президентти кызматынан кетирүү үчүн 100 депутаттын колдоосу керек. Маселе эки жуманын ичинде колго салынмакчы. Бирок бийликтеги партияда мынча мандат жок.

Оппозициянын бардык партиялары, анын ичинде Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймылы” да добуш берүүгө такыр катышпай турганын, же импичментке каршы добуш берерин билдирүүдө. Алар бул жараянды саясий бир жактуу деп аташат.

Количество просмотров: 73