• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Конституциялык сот президенттин сунуштамасын кароого киришти

17 Бирдин айы 202611:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-февралда Конституциялык сот президенттин Конституциясынын айрым беренелерин чечмелөө жөнүндө сунуштамасын кароого киришти. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, кароо жазуу жүзүндөгү жол-жобо тартибинде (тараптардын катышуусуз) жүргүзүлөт.

Садыр Жапаров ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындоо тартибин жөнгө салуучу конституциялык жоболорду чечмелеп берүү өтүнүчү менен 11-февралда Конституциялык сотко сунуштама берген.

Количество просмотров: 93