Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили ишемби күнү болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтты. Би-би-си бул тууралуу жазды.
«Мен бул шайлоону тааныбайм. Бул шайлоо таанылышы мүмкүн эмес. Мындай нерсе биякка Россиянын келишин, Грузиянын Россияга баш ийишин таануу дегенди билдирет», — деди ал дем алыш күнкү басма сөз жыйынында.
Грузия президенти оппозициялык күчтөр менен кеңешкен соң, дүйшөмбү күндөн тарта каршылык көрсөтүү митинги Тбилисинин борборунда башталаарын билдирди.
Ал парламенттик шайлоодо 54 пайыз жеңишке жетишкен «Грузин кыялы» партиясы шайлоону бурмалады деп эсептейт, ошон үчүн жарандарды бүгүн кечинде боло турган каршылык көрсөтүүлөргө катышууга чакырды. Оппозиция да өздөрү ээ болгон мандаттардан баш тарта турганын билдиришти.
Бирок Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе оппозициянын айткандары чындыкка дал келбесин айтты.
«Албетте, мыйзам бузуулар болбой койгон жок, биз аларга чара көрүүбүз керек. Бирок шайлоонун жалпы мазмуну мыйзамдуу талаптарга жана демократиялык принциптерге шайкеш эле өттү», — деди ал. Электрондук ыкма менен добуш берүү манипуляция жасоого жол бербестигин да эскертип өттү.
Ал эми шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, «Грузин кыялы» партиясы 54 пайыз мандатка ээ болуп, өкмөттү курайт. Бул партия ушуну менен төртүнчү ирет бийликте кала тургандыгын көрсөттү.