Гвинеянын түштүк-чыгышындагы Нзерекор шаарындагы футболдук беттеште басырык болуп, 60ка жакын адам өлгөн. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
Жергиликтүү дарыгер «өлгөндөр 100гө жакын экенин, өлүккана толуп калганын, өлүктөр коридордо жатат», — деген.
Стадиондогу башаламандыктар жергиликтүү футбол командасы менен Лабе шаарынан келген атаандаштардын ортосунда башталган. Футболду көрүп жаткандардын айтымында, атаандаштардын күйөрмандары калыстын бир чечимине нааразы болушуп, оюн талаасына чуркап чыгышкан. Алар калыска таш ыргытып, андан соң көрүүчүлөр арасында башаламандык пайда болгон.
Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.