• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

3 Баш оона 2021 9:06 Бишкек Govori.TV

UFС чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. Белгилүү мушкер өлкөдөгү видеолорун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалым болгондой, мурунку чемпион Хабиб Нурмагомедовго таандык Eagle Fighting Championship (EFC) боюнча аралаш мушташ боюнча мелдеш биринчи жолу Кыргызстанда өтөт. Негизги кармашта учурдагы лиганын чемпиону Руслан Яманбаев (Орусия) Бусурманкул Абдибаит уулуна (Кыргызстан) каршы титулун коргойт. Беттеш 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо өтөт. Ага атайын конок, уюмдун президенти, жеңилбеген UFC’нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов катышат.

Белгилей кетсек, Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал Кыргызстанда  атактуу экенине таң калган.

Количество просмотров: 558