Дүйнөгө белгилүү америкалык актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди. Актер менен президент Садыр Жапаровдун чогу түшкөн сүрөтүн президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
«Актер президент Садыр Жапаров менен Ысык-Көлдүн жээгинде учурашып, кыскача баарылашты», — деп жазды ал.
Кошумчалай кетсек, айрым маалымат каражаттары бир нече күн мурун Голливуд жылдызы Бишкектеги ишкер, экс-депутат Азамат Арапбаевдин уулунун үйлөнүү тоюнда өзгөчө конокто болгонун жазышкан болчу.
Эске салсак, 2016-жылы Стивен Сигал Ысык-Көлгө Көчмөндөр оюндарына келген. Аны ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда кабыл алган.