Беларусттук “Киберпартизан” анонимдүү тобу Беларусиянын паспорт системасын бузуп киргенин жарыялады.
Хакерлер “Телеграм” каналга айрым маалыматтарды бөлүштү. Анда Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лидия Ермошина, республикалык кеңештин төрайымы Наталья Качанова, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин паспортунун маалыматтары бар.