• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Беларусь Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн 4 жолу баш тарткан

4 Жетинин айы 2020 13:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын өткөрүп, бир катар суроолорго жооп берди. Анда журналисттер тарабынан суроо узатылып, мурунку президент Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын Кыргызстанга кайтаруу маселеси тууралуу суроо берилди.

Ага жооп береген Башкы прокурор мурунку президенттиер эле эмес жалпы эле сыртка чыгып кеткен кылмышкерлдерди кайтаруу маселеси колго алынуусу керектигин белгиледи. Ал эми Бакиевдер тууралуу маселеге ал азырынча кирише электигин айтты.

Ал эми Башкы прокуратуранын Эл аралык укуктук кызматташтык башкармалыгынын башчысы Асылбек Акматов Беларусь мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана уулу Марат Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн 4 жолу баш тартканын билдирди.

Анын айтымында, Беларусь тарап Кишинев конвенциясына таянып, жогоруда айтылган адамдарды өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

«2011-жылдан тарта 4 жолу бул адамдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча билдирүү жөнөтүлгөн. Саясий куугунтуктоолор болуп жаткандыгын айтып, алар биздин өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан», — деди ал.

Количество просмотров: 502