• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Хоккей боюнча президенттин кубогунда Кыргызстан 3-орунду ээледи

5 Аяк оона 2022 12:00 Бишкек Govori.TV

Бишкекте балдар арасында хоккей боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Асел Абдыгулова билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чара 25-августтан 5-сентябрга чейин Bishkek Arena муз аянтчасында болду.

«Турнир үч жаш категориясында – 10, 13 жана 14 жашка чейинки балдар арасында өтүп, анда АКШ, Румыния, Түркия, Эстония, Латвия, Өзбекстан, Казакстандан жана Кыргызстандын аймактарынан келген жалпы 20 команда күч сынашты. 10 жашка чейинкилер арасында биринчи орунду Казакстан, 13 жашка чейинкилер арасында АКШнын курамасы, 14 жашка чейинкилер арасында “Ташкент Селект” командасы алды. Ал эми Кыргызстандын 13 жашка чейинки курамасы (2010-жылкы) 3-орунга илинди», — дейт ал.

Нарын хоккей лигасынын вице-президенти Бактыбек Жумагулов президенттин кубогу үчүн мелдеш мындан ары жыл сайын өтө турганын белгилеп кетти.

Количество просмотров: 62