• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ибраев: Кийинки жылы өлкөдө трансформаторлор боюнча көйгөй болбойт

4 Тогуздун айы 202413:16 Бишкек Govori.TV

Кийинки жылы өлкөдө трансформаторлор боюнча көйгөй болбойт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 4-октябрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бардык 56 бөлүштүрүүчү аймактарда трансформаторлор оңдолду.

«Учурда бардык бөлүштүрүүчү аймактарда авариялык кырдаалда бештен запастык трансформатор бар. Мындан тышкары 58 миллион долларга 1 миң трансформатор сатып алуу боюнча сынак өткөрүлдү. Анын 25 миллион доллары грант, 8 миллиону швейцариялык грант, дагы 25 миллион доллары кредит. Буга чейин бул келишимди депутаттар жактырган. Бул акчага биз тендер өткөрүп, азыр 600 миң эсептегич жана 1 миң трансформатор сатып алууга кол коюу стадиясында турабыз. Келерки жылы алар менен эч кандай көйгөй болбойт», — деди Таалайбек Ибраев.

Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин башчысы өлкө 2027-жылга чейин электр энергиясын импорттоодон толук баш тартууга даярданып жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 99