• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы этникалык кыргыздарга барды

17 Үчтүн айы 2019 17:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01.2018. Govori.TV

Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Өзбекстандын Жизак облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи иш сапарынын алкагында Манас айылындагы этникалык кыргыздар менен жолугушуп, аларга мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

Жунусов Жизак облусунун акими Г. Маматкулов менен жолугушуп, экономика, маданият, туризм жана башка тармактарда кызматташуу боюнча сүйлөштү.

Ошондой эле Манас айылына барып, “Обод кишлок” долбоорунун негизинде жаңыланып жаткан айылдагы бир катар социалдык курулуштар менен таанышты. Андан соң №5 мектептеги кыргыз тилинде өткөрүлгөн ачык сабактарга катышты.

Жолугушуу майрамдык концерт менен аяктады.

Эске салсак, Ибрагим Жунусов 2018-жылдын 4-декабрында Кыргызстандын Өзбекстандагы  элчиси болуп дайындалган.

Количество просмотров: 39