• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Иерусалимде башаламандыктар болуп жатат

8 Бештин айы 2017 8:56 Бишкек Govori.TV

Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги бир катар шаарларда АКШ президентинин Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу чечимине каршы чыккан палестиналык демонстранттар менен полиция кагылышты. Палестиндер тартип коргоочуларга таш ыргытып, полиция жаш агызчу газ, желим окторду колдонгонун Рейтер агенттигине таянуу менен Азаттык кабарлады.

Акция учурунда 30дан көп киши жараат алды.

«Хамас» радикалдуу уюмунун лидери палестиналыктарды массалык көтөрүлүшкө, мусулмандарды 8-декабарда демонстрацияларды өткөрүүгө чакырды.

Москва АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу чечимин катуу сындап, бул кадам Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды оорлоштурду жана эл аралык коомчулуктун бөлүнүшүнө алып келди деп билдирди.

Количество просмотров: 7