• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ИИМ Атайын багыттагы полк президентке түз баш ийдирилди деген маалыматты четке какты

10 Бирдин айы 202622:59 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги Атайын багыттагы полку Президентке түз баш ийдирилди деген маалыматты четке кагат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган, ИИМдин Атайын багыттагы полку Кыргыз Республикасынын Президентине түз баш ийдирилди деген маалымат чындыкка дал келбегендигин расмий түрдө билдирет.

«Тийиштүү жарлыкка кол коюлду деген билдирүүлөрдүн эч кандай фактылык негиздери жок жана алар ишенимсиз болуп саналат.

ИИМдин Атайын багыттагы полк штаттык режимде ишин улантууда.

Ички иштер министрлиги жарандарды жана ЖМК өкүлдөрүн маалыматты расмий булактардан гана алууга жана текшерилбеген, бурмаланган маалыматтарды таратпоого чакырат»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 203