• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

ИИМ: Добуш сатып алуу боюнча 6 факт катталды

4 Тогуздун айы 2020 18:14 Бишкек Govori.TV

Шайлоо башталгандан бери Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 15 факт катталды. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүн башчысы Султан Макилов билдирди.

Алардын ичинен Бишкекте 3 факт, Жалал-Абадда 5 факт, Ош облусу боюнча 3 факт жана Чүй облусу боюнча 4 факт катталган.

«Катталган фактылардын ичинде кылмыш жана жоруктар бар. Кылмыштар боюнча 9 иш: добуш сатып алуу боюнча 6 иш, шайлоо укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылуу боюнча 3 факт. Жоруктар боюнча 6 иш майда бейбаштык боюнча катталды», — деди ал.

Количество просмотров: 154