• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ жол кырсыктары боюнча эмне дейт? (видео)

13 Бирдин айы 2018 17:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.02.18.Govori.TV
Жол кырсыгынын келип чыгышынын негизги себеби, жол эрежесин бузуудан болот. Жол эрежесин бузубаса жол кырсыгы болбойт. Бул туурасында Govori.TV  сайтына ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ага тескөөчүсү Тилек Оторов билдирди.
Учурда жол кырсыктарынын саны  азайып жатат, бирок оор кесепеттерди алып келген жол кырсыктар болуп жатат.
“Статистиканы карасак 18 жаштан 26-27 жашка чейинки айдоочулар көп жол кырсыктарына кабылат. Мындан сырткары 1-жылдан 5-жылга чейинки айдоочулук күбөлүк алып жүргөн айдоочулар жол кырсыгына учурашат. Бул жол кырсыгынын келип чыгышы айдоочулук билимсиздик жана алардын жол эрежесине болгон сыйдын жоктугунан. Мурда “Жигули”, “Москвич”, “Волга” деген ылдамдыгы азыраак автоунаалар бар болчу, азыркы учурда ылдамдыгы тез унаалар иштелип чыгып жаткандыктан айдоочулар өзгөчө жаштар катуу ылдамдыкта бири-бирине атаандашып айдашып анын кесепетинен жол кырсыктары катталып жатат” –дейт Оторов.
Белгилей кетсек,  2018-жылы өлкө аймагында 534 жол кырсыгы катталып 46 адам каза болгон 804 адам ар кандай жаракат алган.

Количество просмотров: 22