• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМдин бакандай башчылары иштен шыпырылды

30 Бугу 2018 15:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.05. 2018. Govori.TV

“ИИМдин Ички Иликтөө Кызматынын начальниги Скандарбек Көчөрбаев менен Кадрлар Башкы башкармалыгынын башчысы Болот Имангазиев кызматынан алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматчылары кабар таратты.

Андагы маалыматтарга таянсак, аталган жетекчилердин үстүнөн ИИМдин ардагерлеринин жана кызматтан мыйзамсыз кол жууган кызматкерлеринин жоон тобунан арыз түшүп, андан соң атайын комиссия бул жогорку кызматк адамдарынын ишмердигин тыкыр текшерүү алышкан.

“Кызматтык териштирүүнү жыйынтыгында алар бир канча мыйзамдарды бузуп, ар кандай кемчиликтерди кетирген, ИИМдин ички тартибин, уставын бузганы, кызматкерлер арасында мыйзамсыз акча жыйноолорго, коркутупүүркүтүүлөргө катыштыгы бардыгы, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы ачыкка чыкты”, -деп айтылат ИИМдин малыматында.

Кошумчалай кетсек, аталган эки жетекчи тууралуу иликтөөнүн материалдары прокуратурага өткөрүлүп берилген.

 

Количество просмотров: 7