Кечээ, 24-сентябрда Жогорку технологиялар паркы математика, информатика, физика, химия жана биология предметтери боюнча эл аралык олимпиадада жеңген окуучулар менен аларды даярдаган мугалимдерин сыйлады. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов окуучуларга жана алардын мугалимдерине сыйлык тапшырып жатып, эл аралык олимпиадада Кыргызстан үчүн быйыл жемиштүү болгонун, балдардын илимдин өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.
Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Азис Абакиров олимпиада жеңүүчүлөрүнө жана мугалимдерине сый акыларды тапшырды. 2024-жылдын башынан бери кыргызстандык окуучулар математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда бир алтын, беш күмүш, алты коло медаль жана алты Ардак грамотага ээ болушкан.
Эскерте кетсек, быйылкы улуттук сынакта алдыңкыларды сыйлап жаткан учурда, идиректүү, зирек балдарды колдоп келген демөөрчүлөрдүн бири — Жогорку технологиялар паркынын директору Азис Абакиров эл аралык сынакта алтын медаль утуп келген окуучуга 10 000 доллар, күмүш медалдын ээсине 5000 доллар, ал эми коло медалга 1000 доллар сыйлык берилерин айткан.
Натыйжада жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй сый акы берилди:
Махамадхан Ишматов, математика, мугалим– 20000 доллар
Азамат Аскаров, математика, мугалим– 5000
Назар Кыргызбаев, математик – 10000
Искен Кенжебаев, математика – 5000
Элдар Искандеров, математика – 5000
Ян Борбус, математика – 5000
Медербек Осмонов, информатика, мугалим – 5000
Кылычбек Урайымов, информатика – 6000
Алихан Айдарбеков, информатика – 5000
Эльбрус Тажибаев биология, мугалим– 2000
Байзак Карыпжанов, биология – 1000
Нурсултан Увалиев, биология – 1000
Дмитрий Рубан, биология – 1000
Ольга Никифорова биология, мугалим – 500
Асхатбек Темиркулов биология, мугалим – 500
Дүйшөн Сатыбалдиев физика, мугалим– 1000
Бектур Баратали, физика – 1000
Дооронбек Маметов химия, мугалим– 1000
Иван Решетников, химия – 1000