Илязбек Балташев Журналисттер биримдигинин төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин Бишкекте өткөн Журналисттер биримдигинин курултайында делегаттар бир добуштан колдошту.
Журналисттер биримдигинин X курултайына 91 делегаттын 73ү катышты.
Буга чейин Кыргызстандын Журналисттер биримдигин Абдыкадыр Султанбаев жетектеп келген.