• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Шаардык сот Имамидин Ташовдун ишин райондук сотко кайтарды

26 Бирдин айы 202614:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту ишкер Имамидин Ташовдун ишин биринчи инстанцияга кайтарды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

«Материалдарда айыпталуучунун былтыр 30-декабрдагы апелляциялык даттануусу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчү жок болгондуктан, жол-жоболоштуруу үчүн иш биринчи инстанцияга кайтарылган. Аталган даттануу жана өтүнүч Биринчи май райондук сотунун кеңсесине келип түшкөнү менен кылмыш ишинин материалдарына тиркелбей калган», — деп билдирди сот.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 25-июлда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз жазган.

Количество просмотров: 362