• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Индия Кыргызстанга социалдык тармакты жакшыртуу үчүн грант берүүнү пландоодо

6 Бирдин айы 2023 11:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-февралда кыргыз-индия B2B бизнес жолугушуусу өтүп жатат.

Иштиктүү жолугушууну Индиянын “Кызматтарды экспорттоо кеңеши” компаниясы, Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, “Инновация” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин көмөгү менен өткөрүүдө.

Индия өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттержи Индия менен Кыргызстандын катнашы жакшырып, жогорку деңгээлге жеткенин айтты.

«Эки өлкөнүн ортосунда ар кайсы тармакта бизнести өнүктүрүүдө иш алып барылууда. 2019-жылы соода тармагын өнүктүрүү багытында жол түзүлгөн»,-дейт элчи.

Индия соода тармагын, социалдык тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга грант берүүнү пландап жатканын айтты.

Мындан сырткары насыя берүү да пландалып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 41