• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргыз-Индия бизнес жолугушуусу өтүүдө

6 Бирдин айы 2023 10:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-февралда кыргыз-индия B2B бизнес жолугушуусу өтүп жатат.

Иштиктүү жолугушууну Индиянын “Кызматтарды экспорттоо кеңеши” компаниясы, Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, “Инновация” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин көмөгү менен өткөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилигинин катышуусундагы жолугушуу ишкерлерге чет элдик кесиптештеринин тажрыйбасы менен таанышууга, өздөрүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүүгө жана бизнес байланыштардын тизмесин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз-индия бизнес жолугушуусуна бизнесмендер жана ата мекендик компаниялар төмөнкү багыттар боюнча катышууда.

• Билим берүү
• Логистика
• Саламаттыкты сактоо
• Архитектура
• Мейманкана бизнеси (мейманкана)
• Коомдук тамактануу бизнеси
• Айлана-чөйрө (экология)
• Туризм
• Курулуш (инженердик, машина куруу)
• Анимация студиялары
• Маркетинг жана жарнама
• Консалтинг кызматтары

Количество просмотров: 62