Индия бийлиги Батыш Бенгалия штатында ооругандардын саны бешке жеткенден кийин Нипах вирусунун жайылышын токтотуу боюнча чараларды көрүп жатат, деп The Independent гезити билдиргенин Интерфакс жазды.
Маалыматтар боюнча, инфекциянын биринчи учуру 19-январда катталган. Андан кийин аймактык саламаттыкты сактоо органдары тарабынан сактык чаралары көрүлүп, ооругандар менен байланышта болгон дээрлик 100 адам үй карантинине жайгаштырылды.