• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Инстаграмдагы babskii_blog баракчасынын ээси УКМКга чакырылды

14 Жетинин айы 202514:19 Бишкек Govori.TV

Instagramдагы популярдуу babskii_blog баракчасынын ээси УКМКга чакырылган. Бул тууралуу администратор өзү билдирген. Ал чакыруунун себебин так айткан эмес.

Буга чейин блогер электр энергиясы боюнча кырдаал тууралуу пост жарыялаган. Ал ишканалардын саат 22:00дөн кийин иштешине тыюу салуунун мүмкүн болгон кесепеттерине, анын ичинде ишканаларга олуттуу зыян келтирүүгө, тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын кыскартууга жана башка тобокелдиктерге көңүл бурган.

Видеокайрылуусунда блогер бийлик элдин үнүн угушу үчүн бардык жарандардын бул маселелер боюнча ачык сүйлөшү маанилүү деп эсептей турганын айткан.

Эске салсак, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары саат 22:00дөн тарта кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керектигин айткан. Ал “Тынчтык жөнүндө” мыйзам аткарылбай жатканын сынга алган.

Ошол эле күнү кечинде Ош менен Бишкектин мэрлери түнкү рейдге чыгып, кафе-ресторандарды текшерип, алардын светтерин өчүртүштү. Алар муну кыш мезгилинде электр жарыгын үнөмдөө жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу менен түшүндүрүшүүдө.

Количество просмотров: 287