Бүгүн, 21-июнда бир күндүн ичинде атактуу болуп, интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованын чыгармачылык кечеси өтөт. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги «Ынтымак-2» паркында Бегимай Турусбекова шаар тургундарына өнөрүн тартуулайт.
Эске салсак, Бегимай Турусбекова буга чейин дүйнөлүк хиттерди аткарып, мекендештерин вокалдык чеберчилиги менен суктандырган. Интернет колдонуучулар анын талантын баалап, алкыш сөздөрдү бүгүнкү күнгө чейин жазышууда.