• Жекшемби 2 Кулжа 2024
  • Воскресенье 2 Июнь 2024

«Келин Дион». Бегимай Турусбекова көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапты

22 Кулжа 2022 10:40 Бишкек Govori.TV

Интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова 21-июнда Ынтымак-2 сейил багында шаар тургундарына талантын тартуулады. Көпчүлүктүн алкоосуна татыган келин чет элдик белгилүү хиттерден тартып, кыргызча элдик ырларды аткарды. Социалдык тармактын колдонуучулары Турусбекованын өнөрүн баалап, өз пикирлерин калтырышууда.

Эске салсак, 18-июнда Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында «Титаник» тасмасындагы «My Heart Will Go On» аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган келиндин видеосу интернет айдыңында желдей тарап, көпчүлүктү суктандырган.

Бегимай Турусбекова 9-классты бүткөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, үч жыл окуган. Аны менен катар кафелерде ырдап жүрүп, кийин турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин ырдабай калган.

«Мен өзүм мурдатан жакшы пландарды коюп келгем, бирок элдин алдына чыгуу пландарым ишке ашкан жок. 2011-жылы конкурска катышып, жок дегенде экинчи орунга илиндим деп ишенип алгам. Бирок орун албай калып, аябай шагым сынган. Концерттен кийин аябай ыйладым. Ошондо мен ишенбей калдым, ырчылардын, тааныштардын, элдердин колдоосуна деле ошол учурда аябай ызаландым. Бул дагы себеп болду окшойт, жалкоолугум күчтөнүп кетти», — деп билдирген ал ЖМКлардын бирине берген маегинде.

Төмөндө Турусбекованын 10 жыл мурун ырдап жүргөн кези. Видео кафелердин биринде тартылган.

Количество просмотров: 519