• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Интернетте Ташиев менен аксакалдардын сүрөтү тарап талкууга түштү

18 Бирдин айы 202617:50 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин бир топ коомдук ишмерлер менен түшкөн сүрөтү тарады. Анын автору жана качан тартылганы белгисиз.

Сүрөттөн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевди да көрүүгө болот. Токторбаев интернетте тараган сүрөт тууралуу азырынча комментирий бере элек.

Ошондой эле сүрөттө президентке жолдонгон 75 адамдын кайрылуусу боюнча кармалган саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Аалы Карашев, Эмил Узакбаев да бар.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев президент менен болгон жолугушуусунда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу кайрылууга кол койгон 75 аксакал менен жолукпаганын билдирген.

Количество просмотров: 2223