• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Инвестицияны тартуу эки эсеге өстү

6 Бирдин айы 2023 10:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-февралда кыргыз-индия B2B бизнес жолугушуусу өтүп жатат.

Иштиктүү жолугушууну Индиянын “Кызматтарды экспорттоо кеңеши” компаниясы, Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, “Инновация” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин көмөгү менен өткөрүүдө.

Кыргызстан 2021-жылга салыштырмалуу чет элдик инвестициялардын өнүгүшү эки эсеге өстү. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын президентине караштуу, улуттук инвестициялык агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев аталган форумда билдирди.

Мындан сырткары бул форумдан кийин өлкөдө бизнес ачууда кандайдыр бир маселе жаралса, аталган агенттик ар дайым көмөк көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады .

Количество просмотров: 69