• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

iPhone 14 телефонун мыйзамсыз алып келе жаткандар кармалды

11 Тогуздун айы 2022 10:56 Бишкек Govori.TV

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери «iphone 14 Pro» жана «iphone 14 Pro Max» маркасындагы уюлдук телефондорду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, текшерип кароо тобунун инспекторлору жана «Түштүк-батыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, «Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында, Кыргыз Республикасынын жараны «Н.Ж.» жана Россия Федерациясынын жараны «Т.Г.Х.» коштоп жүрүүчү жүктү (кап-рюкзак) бажылык текшерип кароодо, «Айфон 14 Pro» маркасындагы 14 даана жана «Айфон 14 Pro Max» үлгүсүндөгү 10 даана уюлдук телефондору, эч кандай товар коштоочу документтери жок табылган.

Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 3 061 770 сомду түзөт.

Аталган факты КБР МЭЖ АДСга катталып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечүү үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 180