«Associated Press» басылмасынын маалыматы боюнча, Ирандын парламентинин спикери Али Лариджани коронавирус инфекциясын жуктурду. Ал вирусту жуктурган өлкөнүн эң жогорку даражалуу кызматкери болду.
Бул маалыматты парламент өзүнүн сайтында жарыялап, учурда спикер карантинде дарылануудан өтүп жаткандыгын билдиришти.
Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ, 2-апрелде коронавирустун кесепетинен 124 адам каза болгонун билдирген. Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 3160 кишиге жетти.