• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ирандын президенти Тажикстанга расмий сапар менен барат

8 Жетинин айы 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

8-ноябрда Ирандын президенти Ибрагим Раиси Душанбеге расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Ибрагим Раисинин тажик президенти Эмомали Рахмон жана башка жогорку даражалуу расмий адамдар менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Тажик лидеринин басма сөз кызматы белгилегендей, Раиси Тажикстан менен Ирандын Соода-өнөр жай палатасынын жыйынына, ошондой эле Тажикстан менен Ирандын ишкерлер форумуна катышат.

Душанбе менен Тегерандын мамилеси акыркы он жылда чыңалып, 2015-жылы эң төмөнкү чекке жеткен. Анда расмий Душанбе Иранды «Ислам кайра жаралуу» партиясын колдоого, Тажикстанда төңкөрүш жасоо аракетине жана жарандык согушту тутандырууга айыптаган.

Ирандын маалымат каражаттары тажик бийлигин мекенинде өмүр бою эркинен ажыратылган ирандык миллиардер Бабак Занжаниге тиешелүү миллиарддаган долларды уурдап кетти деп күнөөлөгөн.

Акыркы жылдары эки өлкөнүн мамилеси кайрадан жакшырып, өлкөлөр ортосунда жакындашуу байкала баштады.

Количество просмотров: 76