• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ири өрттүн кесепетинен унаа тыгыны жаралды

24 Үчтүн айы 202314:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын, Октябрь районундагы Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнен кабарлашты.

«Өрттү өчүрүүгө Октябрь, Свердлов Биринчи-Май районунун тиешелүү адистери тартылган»,-деп жазылат маалыматта.

Бул өрттүн кесепетинен көчөдө унаа тыгыны жаралганын күбөлө жиберишүүдө.

Количество просмотров: 89