• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргыз-казак чек арасында күндөп-түндөп кезек күткөн айдоочулар арызданды

13 Чын куран 2022 15:47 Бишкек Govori.TV

Казак-кыргыз чек арасындагы «Ак-Тилек» унаа өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу машиналардын узун кезеги пайда болду. Учурда унаалардын кезеги дээрлик 4-5 километрди түзгөн.

Айдоочулардын айрымдары 3 күндөн бери кезекте тургандыктарын билдирсе, айрымдары ташып келе жаткан азык-түлүктөр бузулуп кетет деп кабатыр.

«Мындай узун кезек жаралбашы керек эле, бизди адам катары да эсептешпейби? Жөнөкөй эле адамдык шарт жок. Айдоочулар узун кезекте күндөп-түндөп турабыз. Түнү менен эптеп бир нече метрден жылып коюп отурдук. Чек ара постторунда бир гана ашып кетсе 2 адам унааларды тескеп жатат. 1-2 гана кызматкерди постко койбостон алардын санын арбытса жакшы болмок. Бир гана бокс иштейт, мындан улам тыгын жаралууда. Ушул өткөрмө бөлүктөрүн көбөйтсө жакшы болмок», — дейт кезек күткөн айдоочу.

Бир нече күндөн бери өтө албай кезек күтүп жатам деген дагы бир айдоочу унаасында жүктөлгөн пияз дагы турса өнүп кетерин айтып нааразы.

Количество просмотров: 230